Алматыда бомба тууралуу маалыматтан улам 29 мектептин окуучулары эвакуацияланды 

Бүгүн, 20-апрелде Orda.kz сайтынын редакциясына Алматыдагы 29 мектепте теракт даярдалып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Orda.kz кабарчысы шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылган. 

«Шаардагы бир нече орто мектептерде бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Мындай билдирүүлөргө алгачкы чара көрүүнүн алкагында учурда шаардын өзгөчө кырдаалдар кызматы аталган объекттерде иштерди жүргүзүүдө. Буга чейин бир нече мектептер текшерилген, маалымат жалган болуп чыккан. Иш уланууда», — деп билдиришти ШИИБдин басма сөз кызматынан.

Маалым болгондой, айрым билим берүү мекемелеринде сабактар ​​токтотулса, айрымдарында кийинкиге жылдырылды.

Related posts

Бишкекте апасы, кызы жана уулу киши колдуу болду. Шектүү кармалды 

admin

COVID-19га каршы вакциналар вирустун бардык варианттарына карата эффективдүү

admin

Өлкөдө жаз мезгилинде 6 өзгөчө кырдаал, 106 өзгөчө окуя катталды

admin

Комментарий