Ташкентте Акылбек Жапаров менен Абдулла Арипов жолукту 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу өз ара кызматташуунун эки жакты тең кызыктырган маселелердин кеңири топтомун талкуулашты.

Тараптар Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Өзбекстан Республикасына жакында болгон жумушчу сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды практика жүзүндө ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

«Менин жакында болгон расмий сапарымдын жыйынтыгы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык кызматташуу жаатында абдан жемиштүү болду.

Анын жыйынтыгында кол коюлган бардык документтер биринчи кезектеги мүнөзгө ээ — биздин экономикалык кызматташуубузду илгерилетүүнүн мындан аркы багытын аныктайт», — деди Акылбек Жапаров.

Тараптар ошондой эле, өкмөт башчыларынын деңгээлинде боло турган иш-чаралардын уюштуруу маселелерин, атап айтканда, чек арага жакын облустардагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек арага чектеш облустарынын хокимдеринин Кеңешинин кезектеги жыйынын жана эки тараптуу кызматташуу боюнча Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумун өткөрүүнү талкуулашты.

Related posts

Бишкектин тургуну улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип жатат 

admin

КР УКМК: «Отель Евразия» ЖЧКсына таандык жалпы аянты 20 гектардан ашуун, базар баасы 729 миллион 682 миң сом болгон жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөрүлдү

admin

Ысык-Көлдө көлдүн жээгиндеги кумду башка жакка ташыган кишиге териштирүү иштери башталды

admin

Комментарий