Жапаров Казакстанга барып, Лукашенко Кыргызстанга келет 

Президент Садыр Жапаров быйыл Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча Казакстанга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Бирок ал расмий сапардын так датасын айткан жок.

Ал эми Беларусь лидери Александр Лукашенко Жапаровдун чакыруусу менен ноябрда Кыргызстанга келерин айтты. Визит тууралуу Москвада президенттердин жолугушуусунда сүйлөшүлгөн.

Related posts

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын эмне үчүн поезд менен жүрөт?

admin

«Торугарт» жана «Эркеч-Там» өткөрүү пункттары 3 күнгө жабык болот

admin

Темирлан Ормуков уюшкан кылмыштуу топко катыштыгы бар деп шектелип кармалды

admin

Комментарий