Токмокто үч баласы менен аялды машина коюп кетти

Токмокто 11-май күнү жөө адамдар өтө турган жол чийинден үч баласы менен аялды машина коюп кетти. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча ЖККБ билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, Toyota Sequoia автоунаасын 76 жаштагы С.Б. аттуу киши башкарып бара жаткан. Ал төрт адамды коюп кеткен:

2003-жылкы Ш. Е. Ю.;

2016-жылкы А. Д. В.;

2021-жылкы Ш. С. В.;

1976-жылкы Ш. Т. А.

Жабырлануучулардын бардыгы Токмок шаардык ооруканасына кайрылышкан.

Related posts

УКМК: Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы жана улук инспектору кармалды

admin

Шамалдын кесепетинен унаага бак куласа ким жооп берет? Юристтин жообу

admin

ӨКМдин керектөөсү үчүн эки талаа госпиталы берилди

admin

Комментарий