Атышуу болуп жаткан Дмитриевка айылында куралдуу террорист жок кылынды 

Чүй облусунун Дмитриевка айылында куралдуу терорист жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышкердик кармоо операциясына ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери тартылган.

«Аны кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөткөн. Бирок, ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан куралдуу террорист жок кылынды. Окуя болгон жерде ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери бар. Учурда тергөө ыкчам тобу иштеп жатат. Аталган операция боюнча кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин ЖМКлар Дмитриевка айылында атышуу болуп жатканы тууралуу   жазылып чыгышкан.

Related posts

Режиссер Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнө салды 

admin

Кыргызстан менен Өзбекстан президенттеринин жолугушуусу башталды 

admin

Кумтөр мамлекетке кайтарылган соң 1 млрд 174 млн доллар таза киреше тапты

admin

Комментарий