Аба ырайы. Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 19-майга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүйдө +21…+26, Талас облусунда +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарын облусунда +17…+22, Бишкек шаарында +24…+26 жана Ош шаарында +23…+25 градус болот.

Related posts

Чек арага чекит коюшубуз керек! Садыр Жапаровдун кезектеги маеги 

admin

Нарында жаштар бир нече имамга унаа белек кылышты (сүрөт)

admin

Ноябрда кыргызстандыктарды узак дем алыш күндөр күтүп жатат

admin

Комментарий