Тоолорго кар жаайт. 25-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Агаг ылайык, бүгүн, 25-майда Кыргызстандын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көл облусунда +11…+16, Нарын облусунда +12…+17 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +21…+23 градуска жетет.

Related posts

Милиция: «Бишкекте сойкулук менен алектенген 1,5 миңден ашуун кыз аныкталган»

admin

Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен барды 

admin

Кыргызстан менен Тажикстандын коргоо министрлери жолукту

admin

Комментарий