Бишкекте 5-июндан тарта жайкы мектеп лагерлери ачылат

Бишкекте жайкы мектеп лагерлери ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэрия тарабынан калаанын 39 мектебинде лагерлердин иши уюштурулуп, анын ичинде 34 мектепте тамак-аш камтылган.

Муниципалитеттен белгилешкендей, лагерлер 5-июндан 30-июнга чейин иштейт. Мектеп лагерлери саат 8:00дөн 14:00гө чейин иш алып барып, 4 миң 300гө жакын окуучуну камтыйт.

Учурда лагерлерди ачууга даярдоо иштери жүрүп, эс алууну каалаган окуучулардын тизмелери, лагерлердин иш пландары, жайкы каникулга карата балдардын чыгармачылык борборлорунун ийримдеринин жана спорт секцияларынын иштери такталып жатат.

Мектеп лагеринин иштөө мезгилинде балдар ийримдер менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк алышат, маданий саякаттар, спорттук оюндар, сынактар жана башка көптөгөн нерселер уюштурулат. Балдар үчүн балдардын чыгармачылык борборлору 71 ийримдин ишин уюштурат.

Ар бир мектеп лагерине медициналык кызматкер, борбордун ички иштер башкы башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору бекитилип, балдардын коопсуздугун мектеп коопсуздук кызматы камсыздайт.

Related posts

Таластын айылдарында да сел жүрдү (видео)

admin

«Тилине ийне менен сайгылачу». Ошто сабалган эгиз кыздардын ишин Акыйкатчы көзөмөлүнө алды

admin

Ысык-Көлдө аял 13 жаштагы уулу уурдалганын билдирген. Өспүрүм Чүйдө табылды 

admin

Комментарий