Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды 

Бүгүн, 6-июнь күнү саат 03:11де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Жер титирөө облустун Сузак районунун Кара-Чолок, Таран-Базар- 3 баллга, Кара-Алма, Саты, Калмак-Кырчын, Жийде, Канжыга, Сай, Карамарт, Ак-Тоок, Сары-Булак айылдарында жана Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет, Орказган айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Related posts

6-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

«Желек тууралуу мыйзамды сыйлашыбыз абзел». Садыр Жапаровдун туунун 30 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөгөн сөзү

admin

Бишкекте таштанды челектен жаңы төрөлгөн ымыркай табылганы маалымдалды

admin

Комментарий