Акылбек Жапаров Баткенде курулуп бүткөн турак-жайлардын абалы менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы каргашалуу окуялардын натыйжасында талкаланган Лейлек районуна караштуу бир нече айылдарында курулуп бүткөн турак-жайлардын абалы менен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облусу боюнча жалпысынан 417 турак-жай жабыркаганы, бүгүнкү күндө 416 турак-жайдын курулушу бүткөрүлгөнү айтылды. Ак-Сай айылында жайгашкан бир үй 2 күндүн ичинде бүткөрүлөөрү белгилүү болду. Үйлөрдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

Андан соң ротация менен келген жергиликтүү бийлик башчыларына курулган кызматтык үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Учурда үйлөрдүн курулушу 85 пайызга бүтүп калды, тактап айтканда, пайдубалын түптөө бүткөрүлүп, чатыры жабылып, ички жана тышкы оңдоо иштери бүткөрүлдү. Облус боюнча жалпысынан 31 ушундай турак-жай курулат.

Иш сапарынын биринчи күнүнүн соңунда Акылбек Жапаров Лейлек районунун ички жолдорун реконструкциялоо иштери менен таанышып, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

Related posts

Шашылыш билдирүү: 16-18-май күндөрү нөшөрлөгөн жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт

admin

Атышуу болуп жаткан Дмитриевка айылында куралдуу террорист жок кылынды 

admin

Таласта Үрмарал дарыясындагы жаңы көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

admin

Комментарий