Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдоого шектүү “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын жооптуу өкүлү кармалды

Баткен шаарынын жашоочулары Баткен облустук башкармалыгына арыз менен кайрылышып, анда 2022-жылдын сентябрь айындагы Тажикстан менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда орун алган куралдуу кагылышууда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүү үчүн тартылган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы жалпы болуп 5 миллион 347 миң 330 сомдук курулуш материалдарын алып, акчасын алдап бербей койгондугу тууралуу билдиришип, мыйзам чегинде чара көрүү жагын суранышкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Аталган факты боюнча 2023-жылдын май айында Баткен ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексиинин 209-беренесинин 3-бөлүмүндө (Алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда, “Келечек ЛТД” жооптуу өкүлү Ш.Н. шектүү катары суракка алынып, камакка алынды. Ал эми экинчи шектүү “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын өкүлү М.А. боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Азыркы учурда аталган кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдарды өндүрүү жана мыйзам чегинде тергөө боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Related posts

Садыр Жапаров “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду

admin

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин биринчи орун басары жана башкы адиси УКМК кызматкерине пара берүү фактысы менен кармалды

admin

19-декабрга карата аба ырайы

admin

Комментарий