Байгазиев Таалайбек Аскарович энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКтын төрагасы болчу.
19-июнда УКМК тарабынан энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов коррупцияга шектелип кармалган.