Лейлекте мыйзамсыз иштеген стоматологиялык борбордун иши токтотулду

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинде (Документтердин жасалмасын жасоо) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Лейлек районунун Раззаков шаарында жасалма лицензиянын негизинде мыйзамсыз иштеп жаткан стоматологиялык борбордун ишмердүүлүгү токтотулду.

Медициналык борбор колдонгон лицензия Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензиялардын жана уруксаттардын мамлекеттик реестринде жок экендиги аныкталды. Медициналык борбордун ээси Лейлек районунун Раззаков шаарынын Х.А. аттуу тургуну жана андан башка медициналык кызматты дагы эки кызматкер көрсөткөн. Ошол эле учурда борбордун кызматкерлерин салык органдарына каттоо жасалма лицензиянын негизинде жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда көрсөтүлгөн жасалма лицензия жана башка документтер табылып алынды. Медициналык пункттун ишмердүүлүгүндө ошондой эле санитардык нормаларды бузуу фактылары аныкталган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен тиешеси бар адамдарга чара көрүлөт. Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда.

Related posts

Бүгүн Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт 

admin

ИИМ: Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран качып кеткен учурда жок кылынды

admin

Кыргызстандын тарыхында сөз эркиндигин басмырлаган доор Атамбаевдин башкаруусунда болгон — ТИЗМЕ

admin

Комментарий