Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу чечимин кабыл алууда депутаттарга кысым болгонбу?

Депутаттар Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу чечимин кабыл алууда кысым болгонбу?

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары кезектегм жыйынында Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Аны, Мадумаров жана анын тарапташтары “бийлик депутаттарды коркутуп, кысымга алып мажбурлады”-деп айтып жатышат. Чынында ушундай болгонбу?

Белгилей кетсек, залда отурган депутаттар добушун жашыруун беришти. Демек, бул чечимге ким каршы жана ким макул бергенин эч ким билбейт. Өздөрү жана бир Кудай гана билбесе.

Эскерте кетсек, буга чейин Башкы прокурор Баткендеги талаш аймакты тажик тарапка таандык деп 49 жылга берген протоколго кол койгону үчүн Мадумаровду жазага тартууга уруксат сурап Жогорку Кеңешке кайрылган. Анда депутаттар кесиптешин сактап калышкан.

Ал эми кесиптештеринин мындай камкордугуна, жакшылыгына Мадумаров рахмат деп айтуунун ордуна, “булар сабатсыз, эч нерсе билбейт, түшүнбөйсүңөр”-деп зекип, ар бири менен урушуп чыкты.

Көп эле депутаттар, “Мадумаров жакшылыкты билбеген текебер неме экен. Мунун бул жашоодо душманы башкалар эмес, өзүнө өзү тура”-деп айтып жүрүштү.

Бул жолкусунда жабык добуш менен көпчүлүк депутаттар кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди.

Андыктан, Адахан Мадумаров адатынча “бийлик коркутту”-деп жалган сүйлөбөй эле койсун. Болгону кесиптештерин тажатып, арасына батпай калган. Алар деле Мадумаровдун басынтып сүйлөгөн текебердигинен тажаган экен.

Related posts

УКМК: Ташиевдин атын жамынган айрым блогерлер тарабынан абийирсиз иш-аракеттердин фактылары байкалууда

admin

3-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

28-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий