Ишембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк жеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир аймактарда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28…+33, Таласта +25…+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30…+35, Ысык-Көлдө +25…+30 жана Нарында +24…+29 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +29…+31, Чолпон-Атада +27…+29 жана Ош шаарында +33…+35 градусту көрсөтөт.