17-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

17—июлга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +34…+39,

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +31…+36,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33,

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү төмөнкү температура +20…+22, күндүзгү жогорку температура +36…+38 градус болот.

Related posts

Улуттук онкология жана гематология борборуна жаңы директор дайындалды

admin

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолу селден улам жабылды

admin

Сел жүргөн Кемин-Шабдан-Көк-Ойрок унаа жолу ачылды

admin

Комментарий