Ленин округунан кайра шайлоо. Беш талапкер катышуу ниетин билдирди 

 Бүгүнкү күнгө карата Борбордук шайлоо комиссиясына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети менен беш талапкерден арыз түштү.

Маалыматка ылайык, төмөнкү жарандар азыр берген:

— 33 жаштагы активист Эртай Искаков;
— 29 жаштагы коомдук ишмер Аскар Алмаз улуу.
— 62 жаштагы «Партия Зеленых Кыргызстана» СП төрагасы Булекбаев Эркин Касымович;
— 40 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Ремнёв Роман Павлович;
— 65 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Бакир уулу Турсунбай.

Белгилей кетсек, аталган талапкерлердин баары өзүн-өзү көрсөтүшкөн.

Эске сала кетсек, буга чейин БШК Ленин округу боюнча ЖК депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Андан соң БШК кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген.

Related posts

Ташиев: «Кыргыздын кыздары кыйын болуш керек. Уктуңарбы?»

admin

Бүгүндөн баштап ажылык сапарга каттоо башталды 

admin

Түн уйкуну бузгандарга каршы! Депутаттар Атамбаев менен Бекешевдин мыйзам долбоору колдоого ээ болду

admin

Комментарий