Бишкектин тургуну улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип жатат 

Улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Фейсбук социалдык тармагында чагымчыл аккаунт аныкталган. Ал өлкөнүн жарандарынын арасында кастыкты козуткан ар кандай тенденциялуу материалдарды системалуу түрдө жарыялап турган.

Бул аккаунт Бишкек шаарынын тургунуна тиешелүү экени аныкталган. «Ал мурда да бир нече жолу улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасап, алар үчүн сот органдары тарабынан 5 суткага административдик камакка алынган, бирок көрүлгөн чараларга карабастан, өзүнүн мыйзамсыз иштерин уланткан. Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда айтылган жарандын мыйзамсыз аракеттерине соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, ага ылайык, анын жазгандарында улуттар аралык кастыктын белгилери, ошондой эле жарандардын улуту боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун белгилери бар экендиги такталды. Ушуга байланыштуу үстүбуздөгү жылдын 12-июлунда Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүн (расалык, этностук, улуттук жана диний аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголуп, 14-июлда козголгон кылмыштын негизинде ал кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды»,- деп айтылат маалыматта.

Related posts

Кыргызстан менен Түркия тасма жана сериалдарды биргелешип тартат

admin

Депутат мэрияга эскертти: автобустар жол кирени көтөрбөш үчүн сатылып алынган

admin

Камчыбек Ташиев төрт жылда мамлекетке 125 млрд сом өндүрүлгөнүн айтты

admin

Комментарий