Камчыбек Ташиев: Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш улантылат

Бүгүн министрлер кабинетинин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев коррупциялык иштерге барганы үчүн аткаминерлер катуу жазага тартыларын эскертти.

Ал белгилегендей, коррупцияга каршы күрөш уланат. Анын айтымында, жарым жылда өлкө бюджетине 6 миллиард сом кайтарылган.

«Тууганчылык,  жердешчилик – иштебейт. Жумуштан бошотулгандан кийин эч кандай мыйзамдуу жоопко тартылбайт деп күтпөңүз. Биз сени кууп жетип, жоопко тартабыз. Ошондуктан, мамлекеттик кызматка кирүүдөн мурун ойлонуңуз. Эгер парасыз иштей албасаң, анда мамлекеттик кызматка орношпогонуң жакшы. Баарыңар акылдуусуңар, билимдүүсүңөр, бизнеске же башкага барасыңар. Мамлекеттик кызматта иштегендин кесепети менен жакындарыңарды кыйнабагыла», – деди Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы буга мисал катары Жаратылыш ресурстар министрлигинин экс-министри Динара Кутманованын (КРнын мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри) ишин келтирди. 

«Бул жерде Динара Кутманова отурган. Аларга жылына бир нече долбоорлорго Кумтөрдөн 4 миллион сом бөлүнгөн, бирок алардын бири да натыйжа берген эмес. Алар өздөрүнүн гана кызын, эже-сиңдисин, досторун жалдашкан», – деди ал.

Related posts

Бишкекте уурдалган 3 жаштагы кыз. Аны издөөгө 800дөн ашуун милиция кызматкери тартылган

admin

20-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

УКМК тарабынан эл аралык героин каналы табылып, 175 кг,  600 млн. сомдук баңгизат алынды

admin

Комментарий