26-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

26-июлга караган түнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +33…+38,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34,

Нарын облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +30…+35,

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +23…+25, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.

Related posts

Бишкекте аркан жол системасын киргизүү пландалууда

admin

Алматыда таңга жуук хостелде өрт чыгып, 13 адам каза болду

admin

Түркияда айына 2 миң доллар алган чабандар TikTok жок иштебей жатышат

admin

Комментарий