Кыргызстандык бильярдчы эл аралык мелдеште 2-орунга ээ болду

Бильярд боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов экинчи орунга ээ болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-июлда бильярд боюнча Екатеринбург шаарында «Екатеринбург башчысынын кубогу» эл аралык мелдеши аяктады.

Чемпиондукка Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Молдовадан динамикалык пирамида боюнча 63 чебер катышкан. Кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов финалда орусиялык Максим Зверевге 4:6 эсебинде утулуп, экинчи оруна ээ болду.

Ал күмүш медаль жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Мелдештин негизги байге фонду 2,8 миллион рублду түзгөн

Булак:Сереп

Related posts

7-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Уюмда бирдиктүү финансы рыногун түзүү үчүн ЕЭК мүчө мамлекеттер менен системалуу иштерди жүргүзүп жатканы белгиленди.

admin

Түндүк Корея Жапон деңизин көздөй баллистикалык ракета учурду

admin

Комментарий