Москвада сабалган кыргызстандык таксист. Кылмыш иши козголду

Орусияда таксистке кол көтөргөн факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бүгүн, 3-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнө 1975-жылы туулган Кыргызстандын жараны чакырылган. Өкүлчүлүк Москва шаарындагы полициянын тиешелүү бөлүмүндө жабырлануучунун арызын каттоону уюштурган.

Таксисттин айтымында, 18-июнда түштөн кийин буйрутма түшүп, андан кийин Неглинная көчөсүндөгү керектүү дарекке жетип, жүргүнчүлөрдү алып кеткен. Бир аз убакыт өткөн соң кардарлардын бири унаадан түшүп, дүкөнгө жөнөп, ал жерден бир бөтөлкө сыра менен кайтып келген. Кардарга унаа ичинде алкоголдук ичимдиктерди ичпөө өтүнүчү менен таксист кайрылганда, анын жанында отурган адам айдоочуга кол көтөрүп, бир нече жолу уруп жиберген.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында таксист денесинен жаракат алган. Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин Москва шаарынын Басманный району боюнча бөлүмүндө  Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренеси «сабоо» боюнча кылмыш иши козголгон. Кыргызстандын жараны жабырлануучу катары таанылган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери башталды.

Булак:Сереп

Related posts

Кыргызстанда айрым абоненттер үчүн электр энергиясынын тарифи көтөрүлдү

admin

Ноокат районундагы “Чарвадор”асыл тукум чарбасы мамлекетке 2,27 га жер аянтын ыктыярдуу өткөрүп берди

admin

21-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий