Айжамал Кабылова: «Үйдө аялдын, сыртта эркектин ишин кылып жатам»

Кезинде «Кыз-Бурак» тобунун жүзү болгон, учурдагы жеке ырчы Айжамал Кабылова SuperTV`га маек курду. «Мен бактылуумун» деген ырчы айым башынан өткөн сыноолорду кантип басып өткөнүн, кантип сынып калбай сахнага кайтып, сыноону жеңгенин айтып берди.

«Мурда сахнага чыгып, ырдап, кол чабуулар, алган белектер менен өзүмдү аябай бактылуу сезчүмүн. Азыр мен ырчылык менен бирге энемин. Аялзатына тиешелүү жумуштардын баарын жасайм. Тандырга нан жаап, уй саай албайм. Турмушка чыкканга чейин устатыбыз Гүлшайыр Садыбакасова баарын үйрөткөн. Азыр үйдө аялдын, сыртта эркектин ишин кылып жатам. Адам баласынын колунан баары келет»,- деди ал.

Булак:Сереп

Related posts

Экс-министрдин жубайы Салтанат Нукенованын өлүмү. Экинчи шектүү да камакта калтырылды

admin

Тиш дарылаткан 3 жашар кыздын эмнеден улам каза болгону айтылды

admin

Жасалма диплом. Шаардык сот Фархат Исмаиловду мандаттан ажыратууну мыйзамдуу деп тапты

admin

Комментарий