Сот Канышай Мамыркуловага каршы апелляциялык арызды четке какты

Журналист Канышай Мамыркулова Жолдошбек Сыргаковдун Фейсбук социалдык тармагында тараткан видео тасмасы кадыр-баркына шек келтиргенин айтып, сотко кайрылган.

Аламүдүн райондук соту журналисттин арызын карап, Сыргаковду 5500 сомдук айып төлөөгө милдеттендирген. Бирок райондук соттун чечимине макул болбогон Сыргаков облустук сотко апелляциялык арыз жазган. Арызы бүгүн каралып, канааттандырылган жок.

Булак:Сереп

Related posts

ИИМ: Ошто адам өлтүрүүгө шектелген 2 жаран Чүйдөн кармалды  

admin

ТОКТОГУЛДА ЖАҢЫ СТАДИОН АЧЫЛДЫ

admin

Германия Кыргызстанга 17 автобус белек кылды (видео)

admin

Комментарий