Кыргызстанда адвокаттын статусун жогорулатууга багытталган мыйзам кабыл алынды

2023-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамына кол койду, аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын максаты – адвокаттын статусун жогорулатуу, Адвокаттар кеңешинин жана Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктарынын мөөнөттөрүн чектөө, Этика боюнча комиссиянын жана Текшерүү комиссиясынын укуктук статустарын актоо жана жогорулатуу, Адвокаттар сьездине адвокаттардын өкүлдүгүн аныктоо, адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиянын дубликатын берүүдөгү кемчиликтерди жоюу, “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы (мындан ары – Адвокатура жөнүндө Мыйзам) ички коллизияларды да, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси менен, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана башка мыйзамдар менен коллизияларды жоюу болуп эсептелет.

Мыйзамдын 8-беренесине ылайык, Этика боюнча комиссия Адвокатуранын Адвокаттар кеңешинен көз карандысыз, адвокаттын аракетине (аракетсиздигине) даттанууларды жана кайрылууларды карайт, ошондой эле этика боюнча комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен эки өкүл кирет.

Related posts

Садыр Жапаровду Бириккен Араб Эмираттарына коштоп кеткен делегациянын курамы

admin

Баткен ОИИБдин башчысы милиция кызматкерлерге жолугуп, тапшырма берди

admin

«Крокустагы кандуу окуя». Шектүүлөрдүн сурак берген учурунан видео жарыялашты

admin

Комментарий