Жазуучу Олжобай Шакирдин бөгөт чарасы каралат

Бүгүн, 24-августта белгилүү жазуучу, журналист Олжобай Шакир Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди. Ага карата баш коргоо чарасын тандоо процесси башталды.

Кармалган жаран УКМКнын кызматкерлеринин коштоосунда соттун имаратына жеткирилди.  Айыпталуучунун жактоочусу соттук отурумду ачык өткөрүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок төрагалык кылуучу анын өтүнүчүн четке какты.

Кечээ, 23-августта кечки убакытта белгилүү жазуучу, жарандык активист Олжобай Шакир бир нече сааттан бери дайынсыз болуп жатканын анын жакындары айтып чыгышкан. Кийин анын УКМКда экени маалым болгон. Анын жактоочусу Бакыт Автандил жазуучунун 48 саатка камакка алынганын билдирген. Анын айтымында, ал укук коргоо кызматкерлерине баш ийбөөгө, массалык баш аламандыкка чакырып, бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталууда.

Булак:Сереп

Related posts

Өзгөндүн борбордук базарынан өрт чыкты

admin

Чек арадагы тынчтыкты сактоо. Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукту

admin

Лейлектеги чайканада 33 жаштагы киши эч себепсиз сабалган. Шектүү кармалды

admin

Комментарий