Адахан Мадумаров мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип жатканы айтылды

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип жатканын адвокат Гуляна Убалиева журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бул иш 2009-жылы Мадумаров кол койгон кыргыз-тажик чек арасын боюнча протоколго байланыштуу.

Мадумаровду Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткени ишембиде белгилүү болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги азырынча  маалымат бере элек.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатканын билдирген.

Булак:Абал

Related posts

Бишкекте “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасынын негизинде имаратка сүрөт тартылды

admin

Ысык-Көл облусундагы баасы 1 млрд. сомдон ашкан «Симирам» эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды.

admin

КР УКМК: Жаза аткаруу мекемелериндеги уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо каналына бөгөт коюлду

admin

Комментарий