Кышында электр жарыгы менен жылытууга тыюу салынат

Кышында электр жарыгы менен үйдү жылытууга тыюу салынат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, кышында жарыкты жапырт өчүрүү болбойт.

«Бирок суунун аздыгынан улам электр жарыгы менен жылытууга тыюу салабыз. Жарык үзгүлтүксүз жетип турат. Ар бир үйгө жетиштүү түрдө жарык берилет. Муздаткыч, сыналгы жана тамак даярдоого электр жарыгы болот. Азыр биз үнөмдөө боюнча видео роликтерди көрсөтүп жатабыз», — дейт ал.

Таалайбек Байгазиев Бишкекти көмүр менен камсыз кылынарын белгиледи.

Related posts

Бишкектин четинде аскердик тик учак кулап түшкөнү айтылды

admin

ИИМ: Өлкөдө Жаңы жыл түнү окуясыз тынч өттү

admin

Чүйдө 20 миллион сомдон ашык мефедрондун 22 миңден ашык дозасын таратууга бөгөт коюлду

admin

Комментарий