Мамыралиев Антимонополиянын төрагасы болуп дайындалды

Айбек Мамыралиев Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

42 жаштагы Айбек Мамыралиев 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган. Эмгек жолун 2004-жылы Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин инвестициялык саясат бөлүмүнүн адиси болуп баштаган. 2013-жылдан бери Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын статс-катчысы болуп иштеп келаткан.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын мурдагы жетекчиси Кеңешбай Тайлаков быйыл август айында кызматтан кеткен. Ал бул кызматка 2021-жылы апрелде дайындалган.

Related posts

Таластын Жон-Арык айылындагы сарай толугу менен өрттөндү

admin

Депутат өлкөдөгү зоопарк, цирктерди жабууну сунуштады 

admin

Кеминдин тургуну жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болууда

admin

Комментарий