Орусия кыргыз жарандарына айдоочу болуп иштөөгө тыюу салмакчы

Мамлекеттик Думада Кыргызстандын жарандарына Россияда айдоочу болуп иштөөгө тыюу салуу сунушталууда. Орусиянын айдоочулук күбөлүгү менен гана иштөөгө уруксат берилген мыйзам долбоору киргизилди. Документ ченемдик укуктук актылардын порталына жайгаштырылган.

Документтин түшүндүрмө катында учурдагы «жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө» мыйзам Кыргызстан сыяктуу орус тили расмий тил катары таанылган өлкөлөрдүн жарандарына автобус же такси айдоочусу болуп иштөөгө уруксат берери айтылган. Бирок, долбоордун авторлору мындай жобону мыйзамдан алып салууну сунуштап жатышат. Эгер бул долбоор кабыл алынса, кыргыз жарандары Орусиянын гана күбөлүгү менен айдоочу катары иштей алышат.

Мындан тышкары, демилгенин авторлору жол кырсыктарына көбүнчө Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Армения жана Азербайжандын жарандары күнөөлүү экенин белгилешкен.

Related posts

Министрлик картошканын аянтын былтыркыдан көбөйтпөөнү сунуштайт

admin

Жаан-чачын күтүлбөйт. 23-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Эрбол Султанбаев Кыргызстан учкучсуз аппараттарды чыгаруучу завод боюнча билдирүү таратты

admin

Комментарий