Депутат мэрияга эскертти: автобустар жол кирени көтөрбөш үчүн сатылып алынган

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев коомдук таранспортто жол кирени көтөрүүгө каршы чыкты.

Ал борбор калаанын мэриясына атайын газ жана электр кыймылдаткычы бар автобустар сатылып алынганын эскертти.

«Электр автобустары биринчи кезекте шаардын экологиясы үчүн, экинчиден жол кирени көтөрбөө үчүн сатылып алынган. Шаардык транспорттун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн биз парламентте электр автобустарын сатып алууну сунуштаганбыз. Жол киренин баасын көтөрбөш керек, анын үстүнө 22 сомго чейин көтөрүү сунушталууда. Эки эсе көтөрүү мүмкүн эмес. Жок дегенде 15 сом кылгыла», — деди Марлен Маматалиев.

Депутат мектеп автобустарын киргизүүнү же мектеп окуучуларына коомдук транспортто шарт түзүүнү сунуштады. «Ошто бензин менен дизель кымбатырак, бирок ал жакта окуучулар үчүн жол кире 5 сом», — деп кошумчалады ал.

Related posts

Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун атаандаштарын жерге чаап жаткан видеосун бөлүштү

admin

КР элчилиги “Аль-Каиданын” башчысы Гансиден учурулган учак менен жок кылынды деген маалыматты төгүндөдү

admin

Садыр Жапаров Харбинде Бруней-Даруссаламдын Султаны Хассанал Болкиах менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

admin

Комментарий