ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды

Июндун аягына берилген маалымат боюнча, ЕАЭБде иш менен камсыздоо кызматтарына 912,3 миң киши каттоого турган.

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттерде жумушсуздук 12,4 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында айтылат.

Июндун аягына берилген статистика боюнча, ЕАЭБде иш менен камсыздоо кызматтарына 912,3 миң киши каттоого турган.

«Өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу жумушсуздук 12,4 пайызга кыскарганы аныкталды. Бүгүнкү күндө иши жок жүргөндөрдүн саны жумушчу күчүнүн 1 пайызын түзөт. 2022-жылы бул көрсөткүч 1,1 пайыздын чегинде болчу», — деп айтылат кабарда.

Related posts

ЖК аппарат жетекчисинин орун басары болуп Алайбек Алымбаев дайындалды

admin

Шакиев кыргыз-кытай кызматташташтыгы болуп көрбөгөндөй өнүгүп жатканын айтты

admin

Бишкекте 32 бүтүрүүчү “Алтын тамга” аттестатын алды

admin

Комментарий