Украина үчүнчү дүйнөлүк согуш башталганын айтты. Захарованын жообу

Буга чейин Украинанын Коргонуу жана улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов эгер кимдир бирөө учурдагы абалды Россия менен Украинанын ортосундагы чыр деп эсептесе жаңылышарын, маселе андан оор экенин айткан.

Украинанын Коргонуу жана улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Даниловдун билдирүүсү Киевге алар Батыштын глобалдык саясатынын куралы экенин түшүнгөнүнөн кабар берет. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.

Буга чейин Украинанын Коргонуу жана улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов үчүнчү дүйнөлүк согуш башталды деп эсептей турганын айткан.

«Биздин жарандардын көшөрүүсү Украина НАТОнун мүчөсү болушу керектигин далилдеп жатат. Биз альянсты бекемдейбиз. Дүйнөдө башталган окуялар бүтпөйт. Эгер кимдир бирөө үчүнчү дүйнөлүк согуш баштала элек деп ойлоп жатса терең жаңылышат. Согуш эбак башталган, гибриддик мезгилден өтүп, активдүү фазага кирди. Эгер кимдир бирөө бул Россия менен Украинанын ортосундагы чыр деп эсептесе жаңылышат, маселе андан оор», — деди Данилов Киевдеги коопсуздук форумунда.

Захарова анын кебине комментарий берди.

«Акыры жетиптир да. Бул Россия менен Украинанын ортосундагы чыр эмес экенин эми түшүнүштү окшойт. Мында Батыш дүйнөнү колониалдык көз карандылыкка кайтарып, өз жыргалчылыгы үчүн ээлик кылып жүргөн дүйнөлүк ресурстарын сактап калууга далалат кылганы көрүнүп эле турбайбы. Аларга курал болуп жатканы буларга жеттиби? Оюм боюнча, жетти. Ошондуктан чуу түшүп жатат», — деп Захарова телеграм-каналына жазды.

Буга чейин РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев НАТОнун Киев режимине аскердик колдоону күчөтүү боюнча ниети туңгуюкка кептеп, үчүнчү дүйнөлүк согушту жакындатарын айткан.

Related posts

Садыр Жапаров в рамках госвизита прибыл в Цзинань

admin

2-3-августта өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

admin

Чүй ОИИБдин мурдагы башчысы Самат Курманкулов Орусияга дарылануу үчүн учуп кетти

admin

Комментарий