Белгилүү журналист, публицист Мундузбек Тентимишев “Даңк” медалын алды

Жакында, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата Президенттин Жарлыгы менен өлкөбүздөгү аттуу-баштуу, элге эмгеги сиңген ар бир кесиптин ардактуу атуулдары мамлекеттик сыйлыкты алышты. Алардын арасында биздин кесиптеш, белгилүү журналист, публицист Мундузбек Тентимишев да  Президент Садыр Жапаровдун колунан “Даңк” медалын алды.

Мундузбек Тентимишевдин өмүр баяны жана чыгармачылыгы  тууралуу:

1957-жылы 16-ноябрда Ысык-Көл областынын Тоң районундагы Оттук айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Он бир туугандын улуусу.

Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн, Ташкенттеги Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.

Эмгек жолун республикалык “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчы болуп баштап, редактордун орун басарлыгына чейин жеткен, Кыргызстан комсомолунун Борбордук Комитетинде инструктор, Ысык-Көл обкомунда басма сөз секторунун башчысы, Ысык-Көл областтык кеңешинин басма сөз бөлүмүнүн башчысы, “Эркин Тоо” газетасынын башкы редакторунун орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында бөлүм башчысынын орун басары, “Кыргыз Туусу” газетасында саясий баяндамачы, “Ден соолукка миң кеңеш” газетасында башкы редактору болуп иштеген.

Профессионал журналист. Кыргыз Республикасынын Журналисттер жана Жазуучулар союздарынын мүчөсү.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Алыкул Осмонов, Жусуп Турусбеков, Төлөн Насирдинов, Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Алтын калем” сыйлыгынын жана Эл аралык Түрксой сыйлыгынын лауреаты. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экология темасында жазган журналисттеринин I фестивалында 1-орунду жеңип алып, алтын медалга татыктуу болгон. Эки жолу (2003,2004) Кыргызстандын эң мыкты журналисти деп таанылган. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоосунун отличниги.

59 публицистикалык китептин автору. Алардын айрымдары:

1.Наркомания – коркунучтуу адат. Бишкек, “Кыргызстан”, 1988, 22 бет.

2. Атың жакшы, Ысык-Көл. Бишкек, Картишкана, 1992, 165 бет.

3. Аны Алыкул деп аташкан. Бишкек, “Шуру”, 2002, 130 бет.

4. Абайдын баласы, Ауэзовдун досу Бөлтүрүк. Бишкек, “Шуру”, 2002, 109 бет.

5. Залкардын тилеги. Бишкек, Полиграфкомбинат, 2003, 169 бет.

6. “Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!..”. Бишкек, “Учкун”, 2004, 208 бет.

7. Баарынан адам болуу кыйын экен… Бишкек, “Шуру”, 2004, 80 бет.

8. “Кыргыз Туусу” – ХХI кылымдын гезити. Бишкек, “Учкун”, 2004, 440 бет.

9. Жумгалбек Аманбаев. Бишкек, “Бийиктик”, 2006, 192 бет.

10. Ысык-Көл тууралуу 1000 баян. Бишкек, “Гүлчынар”, 2007, 208 бет.

11. Ала-Тоо Улукманы – доктор Мирсаид Миррахимов. Бишкек, “Бийиктик”, 2007, 156 бет.

12. Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Мамбет Мамакеев. Бишкек, “Бийиктик”, 2007, 172 бет.

13. Абдырай. Бишкек, “Бийиктик”, 2007, 160 бет.

14. Хирург, академик Какиш Рыскулова. Бишкек, “Бийиктик”, 2008, 160 бет.

15. Жуман Акималиев. Бишкек, “Бийиктик”, 2008, 248 бет.

16. Кыргызстан балдарынын Улукманы – академик Дүйшө Кудаяров. Бишкек, “Бийиктик”, 2009, 152 бет.

17. Легендарлуу өмүр: Күлүйпа Кондучалова. Бишкек, “Турар”, 2011, 324 бет.

18. Алтын колдуу хирург Рахатбек Оморов. Бишкек, “Турар”, 2011, 236 бет.

19. Тарыхчы Анварбек Хасанов. Бишкек, “Турар”, 2011, 224 бет.

20. Жусуп Асанов. Бишкек, “Принт Експресс”, 2011, 228 бет.

21. Биздин замандын кылым жаштуу манасчысы Жусуп Мамай. Бишкек, “Турар”, 2012, 204 бет.

22. Улуу врач элеси: Мирсаид Миррахимов. Бишкек, “Турар”, 2012, 232 бет.

23. Кыргыз сомун жаратуу башатында: Сагыналы Сулайманбеков. Бишкек, “Салам”, 2013, 208 бет.

24. Мен таң калган өмүрлөр. 1–китеп. Бишкек, “Салам”, 2013, 420 бет.

25. Насирдин Исанов эгемендүү Кыргызстандын биринчи Премьери. Бишкек, “Салам”, 2013, 256 бет.

26. Кемечи Деркембай жана драматург Эрменбек Токтогулов. Бишкек, “Салам”, 2013, 152 бет.

27. Элдик киши элеси: Искен Алыбеков. Бишкек, “Салам“, 2013, 256 бет.

28. Мен таң калган өмүрлөр. 2-китеп. Бишкек, “Салам”, 2014, 408 бет.

29. Баякмат Шакиров (Милиция ардагеринин өмүрүнөн). Бишкек, “Салам”, 2014, 116 бет.

30. Унутпай турган адам бар. Бишкек, “Салам”, 2015, 254 бет.

31. Алыкул энциклопедиясы.  Бишкек, “Салам”, 2015, 780 бет.

32. Эл пикири – өмүр сыймыгы. Бишкек, “Салам”, 2015, 176 бет.

33. Көл мүнөз адамдын көлдөй өмүрү: Мукун Асейинов. Бишкек, “Салам”, 2016, 502 бет.

34. Чыңгыз Айтматовду көргөнсүзбү? Бишкек, “Салам”, 2017, 616 бет.

35. Өмүр баасы – чындык. Бишкек, “Салам”, 2017, 305 бет.

Орус тилинде чыккан китептери:

1.Хирург, академик Какиш Рыскулова. Бишкек, “Турар”, 2010, 106 стр.

2. Авиценна Ала-Тоо – доктор Мирсаид Миррахимов. Бишкек, “Турар”, 2012, 164 стр.

Жооптуу редактору жана түзүүчүсү болуп чыккан китептери:

1.Б.Ногойбаев. Жашоомдогу чыйыр жол. Бишкек, “Шуру”, 2003, 176 бет.

2. Т.Насирдинов. Эскерүүлөр. Изилдөөлөр. Чыгармалар. Бишкек, “Шуру”, 2004, 464 бет.

3. Р.Оторбаев. Бешкашка Бериштин окуясы. Бишкек, “Бийиктик”, 2005, 128 бет.

4. А.Осмонов. Кош бол, кош бол, уурдалган жылдарым. Бишкек, “Нур”, 2006, 306 бет.

5. Тагдыры бирге эгиз эл. Бишкек, “Бийиктик”, 2006, 512 бет.

6. Хирургдардын атасы. И.К.Ахунбаев жөнүндө. Бишкек, “Бийиктик”, 2008, 188 бет.

7. Т.Бекбоев. Сен жөнүндө. Бишкек, “Бийиктик”, 2009, 148 бет.

8. А.Осмонов. Экөө болсо жүрөгүм… Бишкек, “Учкун”, 2010, 216 бет.

9. Мухтар Ауэзов жана Кыргызстан. Бишкек, “Бийиктик”, 2010, 612 бет.

10. Бишкек шаарындагы Ленин районунун согуш ардагерлери. Бишкек, “Принт Експресс”, 2010, 256 бет.

11. Академик Аманбек Жайнаков. Бишкек, “Турар”, 2011, 320 бет.

12. Бир келген өмүрдүн жүрөктөгү сабактары. Бишкек, “Турар”, 2011, 210 бет.

13. К.Бабыров. Таң нуру. Бишкек, “Нур”, 2012, 206 бет.

14. Жашоодогу көз ирмемдер. Хирург Ж.Бектуров жөнүндө. Бишкек, “Салам”, 2012, 212 бет.

15. Н.Сапаралиев. Өскөн эл өткөнүн унутпайт. Бишкек, “Нур”, 2012, 195 бет.

16. Т.Каниметов, А.Каниметова. Тоолордо тоодой керемет. Бишкек, “Салам”, 2012, 228 бет.

17. Ажыбек баатыр. Бишкек, “Салам”, 2012, 152 бет.

18. Б.Абдрахман кызы. Ырга айланган өмүр. Бишкек, “Салам”, 2012, 144 бет.

19 Улуулар санжырасы – урпактар казынасы. Бишкек, “Бийиктик Плюс”, 2012, 388 бет.

20. Р.Момункулов. Акталган үмүт. Бишкек, “Принт Експресс”, 2013, 204 бет.

21. К.Бабыров. Ак ийилет, сынбайт. Бишкек, “Нур”, 2014, 60 бет.

22. Т.Каниметов, А.Каниметова. Ырысы тоодой өмүрлөр. Бишкек, “Нур”, 2014, 74 бет.

23. Н.Жусупов. Адамга айта турган сөздөрүм бар. Бишкек, “Салам”, 2014, 140 бет.

24. Т.Бектурганов. Чындыкка таянган өмүр. Бишкек, “Салам”, 2014, 276 бет.

25. М.Мукашев. Жан сырлар, сан ойлор. Бишкек, “Салам”, 2014, 336 бет.

26. А.Осмонов. Тандалган чыгармалар. 1-том. Бишкек, “Салам”, 2014, 596 бет.

27. А.Осмонов. Тандалган чыгармалар. 2-том. Бишкек, “Салам”, 2014, 596 бет.

28. Ш.Руставели. Жолборс терисин кийген баатыр. Бишкек, “Салам”, 2014, 388 бет.

29. Алыкул. Фотобаян. Бишкек, “Салам”, 2014, 14 бет.

30. Т.Нурбаев. Нурбаевдин нурдуу элестери. Бишкек, “Салам”, 2015, 376 бет.

31. Омар Хайям. Рубаилер. Экинчи басылышы. Бишкек, “Салам”, 2015, 208 бет.

32. Ж.Мукамбаев. Алыкул сүйгөн Ата Журт. Бишкек, “Салам”, 2016, 336 бет.

34. Омар Хайям. Рубаилер. Рубаи.Үчүнчү басылышы. Бишкек, “Салам”, 2016, 208 бет.

36. Ы.Жакыпов. Жакшылыкка – чакырык. Бишкек, “Салам”, 2016, 326 бет.

37. А.Осмонов. Тандалган чыгармалар. 1-том. Экинчи басылышы. Бишкек, “Салам”, 2016, 596 бет.

38. А.Осмонов. Тандалган чыгармалар. 2-том. Экинчи басылышы. Бишкек, “Салам”, 2016, 596 бет.

39. Х.Карасаев. Камус наама. Бишкек, “Салам”, 2016, 856 бет.

40. Т.Каниметов. Балдар бакчасындагы балдардын гигиенасы. Бишкек, “Салам”, 2016, 200 бет.

41. Мезгил сынаган чындык: Жумгалбек Аманбаев. Бишкек, “Салам”, 2017, 300 бет.

42. Алыкулдун ырындагы Жеңишкан. Бишкек, “Салам”, 2017, 112 бет.

Мундузбек Тентимишевдин сыйлыгы менен куттуктап, чыгармачылыгы мындан ары да өркүндөп, эл кызматында жүрө берсин демекчибиз!

Сыйлыгыныз кут болсун Мундузбек мырза!

Related posts

Кадамжайдагы Лениндин эстелиги алынды (сүрөт)

admin

Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп Нурланбек Азыгалиев шайланды

admin

Президент Садыр Жапаров Түркиядагы зилзала жана Атамбаев тууралуу комментарий берди 

admin

Комментарий