Чүйдөгү «Теплые ключи” санаторийинде 30дай кишиге кол көтөргөндөр кармалды

Чүй облустук милициясы Аламүдүн районундагы «Теплые ключи” ден соолукту чыңдоо комплексине мас болуп кирип барып, ошол жердеги 30дай кишини сабаган төрт жаран кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, окуя 10-сентябрда катталган. Анда белгисиз бирөөлөр санаторийге союл көтөрүп кирип барып, буюм-тайымдарды кошо талкалаган. Бир нече киши жабыркаган.

Көп өтпөй шектүүлөрдүн тек-жайы аныкталып, изин жашырып кетүүгө аракет кылган учурда колго түшкөн.

Кылмыш-жаза кодексинин «Тоноо» беренеси менен кылмыш иши козголду. Милициянын маалыматына караганда, кармалгандар 28-30 жаштагылар.

Жогорку Кеңеште»Ыйман нуру» фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков Кыргызстандагы кылмыштуулуктун абалына токтолуп, дүйнөлүк рейтингдерде өлкө арткы орунда турганын айтып, буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев былтыр кылмыштуулук мурунку жылга салыштырмалуу 19,4% өскөнүн билдирген. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2022-жылы Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алган. Милиция майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын белгилеген. 

Related posts

Улуу Британияда семиз кишилерге айып пул салуу сунушталды

admin

Укук коргоо системасын таза эмес кызматкерлерден тазалоо аракетине кээ билер  саясий түс беришүүдө 

admin

Дыйкан-фермер чарбаларды 2030-жылга чейин 424 кооперативге бириктирүү пландалууда

admin

Комментарий