Президент Садыр Жапаров Душанбеге иш сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Душанбе шаарына иш сапар менен барат. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Иш-чарага Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин башчылары катышары күтүлөт.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Душанбеде боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоону көздөйт деп күтүлүүдө»,- деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Related posts

Кыргызстандан ЕАЭБге колбаса экспорттогон ишканалардын саны 25ке жетти

admin

Ленин районундагы шайлоо. Алдын ала жыйынтык боюнча Кубанычбек Самаков алдыга чыкты

admin

Ташиевдин кызына айдоочулук күбөлүк алууга жардам берген УКМК кызматкерлери жазаланды

admin

Комментарий