Н.Шакиев баштаган депутаттар Кореяга барат

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Корея Республикасына иш сапары менен барат.

Иш сапардын алкагында Шакиев Борбор Азия мамлекеттеринин жана Корея Республикасынын парламенттеринин төрагаларынын конференциясына катышып, бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Делегациянын курамында депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Камила Талиева, Динара Ашимова, Замирбек Мамасадыков, Балбак Түлөбаев, Бактыбек Чойбеков, Шайлообек Атазов бар.

Related posts

Британиянын королу Карл III рак оорусуна чалдыкты

admin

УКМК: Мамлекеттик дарыкананын 455 чарчы метр имараты жана 0,15 сотых жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Коркутууга кабылып, жоголуп жаткан 16 жаштагы кыз Ноокаттан табылды

admin

Комментарий