Садыр Жапаров Финляндиянын президенти менен жолукту

18-сентябрда Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышты. Анын алкагында Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен жолукту.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Садыр Жапаров кыргыз-фин мамилесин өнүктүрүүгө басым жасап, өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Ал Финляндия тарапка жашыл энергетика тармагында кызматташууну жолго салууну да сунуштады.

Саули Ниинистё да өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилени өнүктүрүүгө даярдыгын ырастады. Мындан тышкары экономика жана ишкерлик тармактарындагы мамилелерди өнүктүрүү маанилүү экенин айтты.

Өлкө лидерлери аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелери боюнча да пикир алмашты.

Тараптар эки өлкөнүн географиялык алыстыгына карабастан Кыргызстан менен Финляндиянын мындан аркы кызматташуусу үчүн байланыштарды активдештирүүгө даярдыгын белгилешти.

Related posts

Камчы Көлбаевдин айдоочусу болгон «Данила» кармалды (видео)

admin

Бишкекте аял 400 миң сомго алданып калган. Шектүү кармалды 

admin

Казакстанда автобуста 25 адамды сактап калган окуучу медаль менен сыйланды

admin

Комментарий