21-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

21-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18,

Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +20…+22.

Related posts

Кабмин увеличил стипендии для аспирантов 

admin

«Унаада 3 аял, 2 бала болгон». Алайку жолунда унаа жолдон чыгып даракка урунган

admin

Түркиядагы жер титирөөдөн кеминде 53 адам набыт болду 

admin

Комментарий