Сокулук райондук соту блогер Эртай Искаковдун бөгөт чарасын карап, өзгөрттү.
Анын жактоочусу Шердор Абдыкапаров билдиргендей, ал үй камагына чыккан.
14-июлда Селекция айылынын тургундары таза суу маселесин чечип берүү талабы менен Түштүк магистралды тосушкан. Искаков менен эки тургун жол тоскон акцияны уюштурууга катышкан деп шектелип кармалган.