Тоолуу Карабакта орусиялык аскерлерди ташыган унаага ок атылып, аскерлер каза болду

20-сентябрда Тоолуу Карабактын Жанятаг айылына жакын жерде орусиялык аскер кызматкерлерин ташыган унаа ок атууга кабылган. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аткылоонун кесепетинен унаадагы аскерлер каза болгон. Учурда каза болгондордун саны тактала элек. Ок атууну ким уюштурганы да белгисиз.

Окуянын бардык чоо-жайын тактоо үчүн жеринде орусиялык жана азербайжандык тергөө органдарынын өкүлдөрү иштеп жатат.

Related posts

Бишкекте муздан тайып кулаган 43 адам дарыгерлерге кайрылды

admin

Кеминде Калкты тейлөө борбору пайдаланууга берилди 

admin

Садыр Жапаров расмий сапар менен Австрияга барды

admin

Комментарий