ӨКМдин керектөөсү үчүн эки талаа госпиталы берилди

Президент Садыр Жапаров кече, 24-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин керектөөсү үчүн эки талаа госпиталын өткөрүп берди.

Аларды кытай тарап эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы макулдашуулардын алкагында кайтарымсыз гранттык негизде өткөрүп берген. Мобилдик ооруканалар өзгөчө кырдаал аймактарында жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү максатын көздөйт. “China Sinopharm International” фирмасынын мобилдик госпиталы атайын жол тандабас автоунаалардын базасында куралып, 19 түрлүү багыттагы унаалардан турат жана ар бир унаа өзүнчө функцияны камтыйт. Негизги максаты бул апаат жана жапырт кырсык болгон жерлерге ыкчам түрүндө жетүү, атайын окуутулган жана машыктырылган адистердин жардамы менен ошондой эле кыска убакытта жайылып тургузулуу үчүн ылайык кылып жасалган. Бир мобилдик госпитал күнүнө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алуу, 20 чейин хирургиялык операцияларды жүргүзүүгө, 90 бейтапты жаткызып дарылоо жана 8 орундуу интенсивдик терапия бөлмөлүү мүмкүнчүлүгү бар. Бир госпиталды 60 адис тейлейт, 5-6 саат ичинде куралат. Медициналык жана тейлөө персонал үчүн 60 орундук өзүнчө чатырлар каралган.

Мамлекет башчысы кытай тарапка ыраазычылык билдирип, бир талаа ооруканасы Бишкек шаарына, экинчиси Ош шаарына жайгаштырыла турганын айтты.

Related posts

Акылбек Жапаров Токтогул ГЭСине барды 

admin

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп Тилек Мамадалиев дайындалды 

admin

Өрт чыккан Кербендеги ооруканадан алты ымыркай облустук бейтапканага которулду

admin

Комментарий