Айбек Жунушалиев ИИМде күбө катары маалымат берди, — президенттин администрациясы

Президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Айбек Жунушалиев Ички иштер министрлигине суракка чакырылган эмес. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

«Айрым маалымат каражаттары Жунушалиев ИИМге суракка чакырылганын жазып жатышат. Сурак чет элдик инвестордон акча талап кылып камалгандар менен байланыштуу экени айтылат.

Жунушалиев суракка эмес, күбө катары маалымат бергени барган», — деди Орунбеков.

Related posts

15-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы 

admin

УКМК: Жалал-Абад облусунда жасалма документтерди саткан канал аныкталды

admin

18-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий