29-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

29-сентябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы күндүз +12…+14, күндүз +20…+22 градус болот.

Related posts

Астанада жүрүп бара жаткан автобустан аял кулап түшкөн. Жүргүнчүлөрдүн реакциясы таң калтырат

admin

Букингем хансарайы Карл IIIтүн сүрөттөрүн жарыялады

admin

Кыргызстанга Орусиянын президенти Путин келет

admin

Комментарий