Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде «Жаш манасчы» айкели орнотулду

Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда Германияга жасаган иш сапарынын алкагында Берлин шаарынын борборундагы Кыргызстандын элчилигинин аймагында орнотулган “Жаш Манасчы” айкели менен таанышты.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев айкел темирден жасалып, кыргыз чеберлери тарабынан Кыргызстандын аймагында куюлганын айтып берди.

“Жаш Манасчы” кыргыз элинин улуттук жүзүн туюнтат. Ал элибиздин тарыхы менен салттарын чагылдырган кыргыздын салттуу кийимин кийип, башында ак калпагы бар. 10-12 жаштагы жигиттин жашы кыргыз элинин жаштыгын, рухун билдирет.

Мындан тышкары, анын QR-код менен тактасы бар. Башкача айтканда, ар бир каалоочу атайын программанын жардамында айкел жөнүндө кеңири маалымат алып, ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндү уга алат.

Президент Садыр Жапаров бул айкелдин Кыргызстандын элчилигинде пайда болушун канааттануу менен белгилеп, “Жаш Манасчы” келбети элибиздин эркиндигин, энергиясын жана күчүн чагылдырып турарына токтолду. Бул айкел улуттук символ катары Кыргызстандын тарыхын, илгертен бери келе жаткан маданий мурастарын жана каада-салттарын сактап, кийинки мурастарга өткөрүп берүү максатын эскертип турат.

Related posts

«Улуттук госпиталда балдарга бекер операция жасалат» деген маалымат — калп

admin

Каныбек Иманалиев жазуучулар союзунун төрагасы болуп шайланды

admin

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 42 миң адамга жакындады 

admin

Комментарий