Бейшекан Жайлымышова кайрадан Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көлдөгү координатору болду

Жайлымышова Бейшекан Аруновна кайрадан Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору болду. Тиешелүү буйрукка 2023-жылдын 27-сентябрында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кол койду.

Буйрукка ылайык, Ысык-Көл облустук кургак учук менен күрөшүү борборунун директору Акунова Жаңыл Качагановна 27-сентябрдан тарта саламаттыкты сактоо боюнча координатордун милдетин аткаруучу кызматынан бошотулду.

Б.Жайлымышеваны кызматка дайындоого Жогорку соттун 2023-жылдын 8-августундагы токтому негиз болду.

Жайлымышова Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору, Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору кызматында 2020-жылдын 8-сентябрынан 2022-жылдын май айына чейин иштеген.

2022-жылдын 13-майында УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында 100 миң 500 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Ж. кармалганы маалымдалган.

УКМКнын маалыматы боюнча, Б.Ж. акчаны Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелеринин жооптуу кызматкерлеринен алган. Алар акчаны орто медициналык кызматкерлерден чогултушкан.

Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Ысык-Көл облустук сотунун 2023-жылдын 31-майындагы аныктамасы менен Бейшекан Жайлымышова Жети-Өгүз райондук сотунун 2023-жылдын 4-апрелиндеги актоо өкүмү жокко чыгарылып, иш боюнча айыптоо өкүмү чыгарылган.

Бейшекан Жайлымышова Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 377-беренесинин (жасалган кылмыш жөнүндө арызды же кайрылууну каттоодон баш тартуу же жашырып коюу) 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылган, ал боюнча 5000 эсептик көрсөткүчтөгү, башкача айтканда 500 000 сом айып салынган.

Жогорку сотко Жайлымышованын жактоочусу кассациялык даттануу менен кайрылган. Ал Ысык-Көл облустук сотунун 2023-жылдын 31-майындагы өкүмүн жана аныктамасын жокко чыгарып, Жети-Өгүз райондук сотунун 2023-жылдын 4-апрелиндеги өкүмүн күчүндө калтырууну сураган.

Жогорку сот актоо өкүмүн чыгарган.

Related posts

Жалал-Абадда мейманкананын алдында болгон мушташ боюнча 4 жигит кармалды

admin

Садыр Жапаров иш сапары менен Брюсселге барды

admin

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен лыжа базасынан куттуктады

admin

Комментарий