Бишкекте шаурмага уулангандардын саны 71 адамга жетти

Бишкек шаарындагы «Беш лаваш» жана «Мидос» тез тамактануучу жайынан тамактангандан кийин уулангандардын саны 71 адамга жетти. Бул Саламаттыкты сактоо министрлигинин 3-октябрга карата билдирген маалыматы.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган 71 адамдын ичинен 36 адам ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен бешөө жаш балдар.

«Дарыгерлердин маалыматы боюнча, ууланган жарандардын абалы канааттандырарлык. Абалы жакшырган жарандар бүгүн үйүнө дарыланууга жөнөтүлүшү мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Бейтаптар ооруканага 1-октябрда кайрылып баштап, Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору шашылыш жыйын өткөргөн. Аталган тамактануучу жайларда пландан сырткары текшерүүлөр жүргүзүлүп, айып пул салынган. Кемчиликтерди аткаруу боюнча санитардык эскертме берилди.

Бул окуядан кийин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы тез тамактануучу жайларды текшерүү тапшырмасын берди.

Related posts

Бүгүн Кытайдын Ченду шаарынан Бишкекке биринчи учак келип конду

admin

Конституция кабыл алынгандыгына 30 жыл. Президент кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады

admin

«Күч органдары жашыруун камераны «колхозчо» коймок эмес». Садыр Жапаров чайханада табылган камера боюнча үн катты

admin

Комментарий