Камчы Көлбаевдин башына ок тийген, — өздүк булактар

УКМК кримтөбөл делген Камчы Асанбектин (Камчыбек Көлбаев) каза болгонун тастыктады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери куралдуу каршылык көрсөткөндө аны жок кылышкан.

  • АКИpress агенттигинин өздүк булактарынын маалыматына караганда, Камчы Көлбаевдин башына ок тийген. Ал октон алган жаракатынан улам каза болгон.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 4-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Асанбек Ибраимов көчөсүндө жайгашкан «Блондер паб» ресторанында экени аныкталган. Ал жерде укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарын четке кагып, баш ийген эмес. Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине ок атуучу куралдарды колдонуу менен куралдуу каршылык көрсөтүлгөн.

«УКМКнын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна ок атуучу курал менен коркунуч келтирилген. Буга байланыштуу К.Асанбектин кылмыштуу иш-аракеттерине УКМКнын атайын багыттагы кызматкерлери жооп кайтарышты», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Астанада жүрүп бара жаткан автобустан аял кулап түшкөн. Жүргүнчүлөрдүн реакциясы таң калтырат

admin

ПРЕСС-РЕЛИЗ2025-жылдын 21-апрели

admin

Бишкекте ишкерди уурдап, автоунаа жана 25 миң доллар берүүнү талап кылган шектүүлөр кармалды

admin

Комментарий