Азия оюндары: Назим Нурланов коло байгеге ээ болду

 5-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан XIX жайкы Азия оюндарынын алкагында карате-до боюнча беттештер өтүп, 75 килограмм салмак даражасында Назим Нурланов коло байгеге ээ болду.

Ал алгач камбожиялык атаандашын 3:0 эсебинде жеңген. Ал эми экинчи беттешинде казакстандык спортчуга жеңилип, бирок атаандашы финалга чыккандыгынан улам, непалдык спортчу менен жубатуучу беттешке чыгып 2:0 эсебинде жеңип алды. Ал эми коло байге үчүн күрөштө малайзиялык атаандашын 8:0 эсебинде, мөөнөтүнөн мурда жеңип 3-орунду ээледи.

Related posts

Садыр Жапаров башкы прокурор менен экология министрине сөгүш жарыялады

admin

Кантта топ кишилер мушташып, ок атылды

admin

Жол фонду 2021-жылы декабрда түзүлгөн.

admin

Комментарий