Акылбек Жапаров: «Улуттук банкта 50 тоннадан ашуун алтыныбыз турат»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз геология кызматынын 85 жылдыгында сөз сүйлөп, Улуттук банкта 50 тоннадан ашуун алтыныбыз турат — бул туруктуулук экенин айтты.

“Геологдордун бир нече муундарынын гиганттык эмгегинин натыйжасында Кыргызстандын аймагында 15 миңден ашуун пайдалуу кендер табылган жана анын 500дөй деталдуу изилдөөлөр жүргөн. Бүгүнкү күндө 345 кен мамлекеттик баланстын запасында турат. Ал эми Кумтөргө токтолсом, чындыгында Кумтөр экономиканын локомотиви, сыймыгы. Бийликтин ниети таза болгону үчүн азыр Улуттук банкта 50 тоннадан ашуун алтыныбыз турат – бул туруктуулук”, — деди ал.

Related posts

Кадыр Маликов Дин иштери боюнча мамкомиссиясынын директорунун кеңешчиси болду

admin

КР УКМК: Бишкек шаарынын Октябрь районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Түркиядагы жер титирөөдөн кеминде 53 адам набыт болду 

admin

Комментарий